Түндүк Кореядан Кыргызстанга товар импорттоо төрт эсеге өстү

17.01.2023, 12:24 Акчабар
Түндүк Кореядан Кыргызстанга товар импорттоо төрт эсеге өстү

Былтыркы жылдын 11 айында Түндүк Кореядан Кыргызстанга импорттук түшүүлөр 306,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү өтө жупуну, болгону 20,7 миң долларды түзөт. Анын 15 миң доллары экспортко туура келет: Кыргызстан Түндүк Кореяга керосин жана авиакеросин сатат.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кореядан импорттун көлөмү 5,7 миң долларды түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде 1,4 миң долларды түзгөн.

Кыргызстан Түндүк Кореядан вулкандык резинадан жасалган буюмдарды, өзөктүк реакторлорду жана казандарды, центрифугаларды, контейнерлерди (анын ичинде суюк жүктөрдү ташуу үчүн контейнерлерди), металлдарды, жол-сигнал жабдууларын, оптикалык аппараттарды, ошондой эле суюктук жана газдардын басым деңгээлин жана башка өзгөрүлмө мүнөздөмөлөрүн өлчөөгө арналган жабдууларды импорттойт. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика внешняя и взаимная торговля Нацстаком импорт Северная Корея

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу