2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импорту 6% кыскарган

26.02.2021, 15:25 Акчабар
2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импорту 6% кыскарган

2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон импорттун көлөмү 285.4 млрд долларды түздү. 2019-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 6% төмөндөгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти. 

 

Маалыматка ылайык, ЕЭК ичинен импорттун жогорку деңгээлдеги төмөндөөсү Кыргызстанда – 36.7% (1.8 млрд доллар) менен катталган. Армениянын товар жүгүртүүсү 25.6% (2.8 млрд доллар) кыскарган. 

Импорттун эң жогорку көрсөткүчү дагы деле Россияга таандык – 213.7 млрд доллар. Казакстандыкы - 23.9 млрд доллар, Белорусияныкы – 16.1 млрд долларды түздү. 

ЕАЭБге унаа, жабдык жана техникалык каражаттар 116.8 млрд долларга импорттолгон. Андан сон, химия өнөр жай продукциясы – 47.3 млрд доллар, азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заттары – 29.8 млрд доллар. 

Тэги: импорт экспорт ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу