Кыргыз фондулук биржасынын индекси 8-сентябрда 3 миң 23 баллдан 2 миң 820 баллга төмөндөдү. Маалымат биржа сайтында жайгаштырылган.
Индекс 6,71 пайыздык пунктка төмөндөдү. КФБдан "Акчабарга" түшүндүшкөндөй, көрсөткүчтүн төмөндөшү "Манас" аэропортунун акцияларына байланыштуу, анын баасы аукциондо 761,01 сомго арзандаган. Буга чейин 4-сентябрда акция 819 сомдон сатылган.
Эске салсак, 2023-жылдын 30-августунда KФБнын индекси 3 миңден ашып, тарыхый максимумга жеткен.