Кыргызстанда өткөн жылы керектөө бааларынын индекси 11,2%га өстү

05.12.2022, 16:09 Акчабар
Кыргызстанда өткөн жылы керектөө бааларынын индекси 11,2%га өстү

Былтыр, 2021-жылы Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө керектөө бааларынын индекси өскөн. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

Алсак, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын декабрына чейин Кыргызстанда керектөө бааларынын индекси 11,2%га өскөн. Ошол эле учурда, Кыргызстанда мал майына болгон баалардын индекси акыркы жылда эң көп 16,3%га өскөн.

Ошондой эле, эт жана эт азыктарына баа индекси 2020-жылы 23,3% кескин өсүштөн кийин 12,3%га өскөн. 

Тамак-аш азыктарына, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга баа индекси өз кезегинде 2021-жылы 13%га, балык жана деңиз азыктарына баа индекси 13,3%га өскөн. 

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана новости ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу