Индия КР фармацевтикалык завод курушу мүмкүн

23.12.2019, 13:30 Акчабар
Индия КР фармацевтикалык завод курушу мүмкүн

2019-жылдын 20-декабрында КРнын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исаевдин Индиянын Соода жана өнөр жай Министри Пиюш Гоял менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушууyда кыргыз тарап,  дары-дармектердин баасын төмөндөтүү үчүн Кыргызстанга Индиядан алынып келинүүчү дары-дармек препараттарын жеткирүүнү жеңилдетүү зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар, Кыргызстанда заманбап фармацевтикалык заводду куруу тууралуу сунуштар айтылды.

Кыргыз-индия Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму кийинки жылдын биринчи чейрегинде Бишкек шаарында өткөрүлөт. Бул жыйынга Министр Пиюш Гоял Индия делегациясын ѳзү жетектеп келүүсү мүмкүн.

 

 

Тэги: Индия фармацевтика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу