Индонезия студенттерди акысыз билим алууга чакырууда

30.03.2023, 10:56 Акчабар
Индонезия студенттерди акысыз билим алууга чакырууда

Индонезия Билим берүү жана маданият министрлиги 2023-2024-окуу жылына “Дармасисва” билим берүү программасына кабыл алууну жарыялайт. Аталган программага кыргыз студенттер да тапшырса болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, “Darmasiswa” программасы эл аралык студенттер үчүн 10-12 айлык окуу мөөнөтү менен илимий даража берилбеген стипендиялык программа болуп саналат. Студенттерге Индонезиядагы 68 жогорку окуу жайлардын биринде индонезия тилин, искусствосун жана маданиятын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Онлайн катталуу 2023-жылдын 7-апрелине чейин жүрөт. Программага байланышкан суроолор боюнча Ташкенттеги Индонезиянын элчилигине кайрылууга болот.

Кошумчалай кетсек, тиешелүү маалыматтар Билим берүү жана маданият министрлигинин сайтына жарыяланган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу