Өлкөдө керектөө бааларынын деңгээлине ар кандай монетардык эмес факторлор таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын билдирүүсүндө айтылды.
2021-жылдын 15-октябрында инфляция ушул жылдын сентябрь айындагы 13,5%дан төмөндөп, жылдык мааниде алганда 11,8%ды түздү.
"Өлкөдө керектөө бааларынын өсүшүнө таасир эткен негизги фактор азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баанын өсүшү болду", - деп билдирди Улуттук банк.