Мамлекеттик салык кызматы тендерге катышуучулар үчүн жаңы система киргизди

06.12.2019, 13:15 Акчабар
Мамлекеттик салык кызматы тендерге катышуучулар үчүн жаңы система киргизди

9-декабрдан тартып мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучулары камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар тууралуу маалыматты онлайн түрүндө ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. 

Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 9-декабрынан тартып мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө берүү боюнча сервис ишке киргизилет. Анда мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты кагаз жүзүндө эмес, онлайн режимде ала алат.

Бул электрондук кызмат субъекттер үчүн салык органына келүү убактысын үнөмдөөгө жана кезекте туруу зарылдыгын жоюга мүмкүндүк берет, эң негизгиси – салык органынын кызматкери менен түздөн-түз байланышта болбойт.

Конкурстун катышуучусу (жеткирүүчү) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалыматтарды толтуруу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу конкурстук табыштаманы толтурууда «Квалификациялык талаптар» менюсуна кирип, «Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарышы керек» пунктун тандап алышы керек. «МСКга суроо» кнопкасын басканда ачылган терезеден система камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги тууралуу МСКнын маалыматтар базасынан автоматтык түрдө маалымат берет.

Белгилей кетсек, КР Социалдык фондунун эсептерин тейлөөчү коммерциялык банктын бөлүмдөрү ырастап, «АСВ» системасына төлөм келип түшкөндөн кийин карыз жоюлду деп эсептелет.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар болсо, жеткирүүчүнүн (подрядчынын) конкурстук табыштамасы сатып алуучу уюм тарабынан четке кагылат. Ушуга байланыштуу, МСК конкурстун катышуучуларын (жеткирүүчүлөрдү) тендерге ийгиликтүү катышуу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү келип чыкканга чейин аларды алдын ала жоюуга чакырат.

Ошондой эле, ушул жылдын 12-июнунан бери Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу салык карызы жөнүндөгү маалыматты мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) берүү сервиси иштеп жаткандыгын эскертет.

 

 

 

    Тэги: страховые взносы задолженность онлайн госзакупки

    Еженедельные дайджесты Акчабар

    Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

    Акчабар iPhone үчүн

    • Курсы валют в Бишкеке
    • Жаңылыктар жана аналитика
    • Банкоматтардын картасы
    Жабуу

    Акчабар Android үчүн

    • Курсы валют в Бишкеке
    • Жаңылыктар жана аналитика
    • Банкоматтар менен кассалардын картасы
    Жабуу