Кыргызстанга келген чет элдик инвестиция 19,5% азайды

07.07.2022, 15:03 Акчабар
Кыргызстанга келген чет элдик инвестиция 19,5% азайды

Ушул жылдын биринчи чейрегинде чет элдик инвестициялардын түшүү көлөмү, агылып кирүүнү эсепке албаганда, 1 миллиард 585,2 миллион долларды түздү.Мындай маалыматты өлкөнүн башкы статистикалык органы билдирди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу чет элдик инвестиция 19,5%га азайган. Түзүмдүн негизги үлүшүн – 1,3 млрд долларды – “башка инвестициялар” категориясынан инвестициялар ээлейт, андан кийин тике инвестициялар – 278 млн долларды түзөт, демек, акыркысы 2,5 эсеге өстү. Гранттык жана техникалык жардамдын үлүшү 1 миллион доллардан 6,4 миллион долларга чейин жогорулады.

Кошумчаласак, чет элдик инвестициянын негизги бөлүгү Бишкек (766,2 миллион доллар) менен Ысык-Көл облусуна (495,5 миллион доллар) бөлүштүрүлгөн. Ошол эле учурда өткөн жылга салыштырмалуу алар 186,4 миллион долларга жана 254,2 миллион долларга азайган.

Тэги: Кыргызстан иностранные инвестиции деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу