Январь-февраль айларында Кыргызстандын бюджетине чет элдик уюмдардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнөн кошумча нарк салыгы түрүндө 35 миллион 586,9 миң сом түшкөн. Бул салыктын түрүн “Google салыгы” деп да аташат.
Бардык сумма республикалык бюджетке чегерилген.
Бир күн мурун Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда 39 чет элдик компания "Google'га салык" төлөгөнүн билдирген.
“Жыл ичинде 39 чет элдик компания салыктык каттоодон өткөн. Алардын арасында Google, Amazon, Netflix, Yandex Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible ж.б бренддер бар”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Эске салсак, “Google салыгы” 2022-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн келген компанияларга өлкөгө электрондук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн киргизилген. Кошумча нарк салыгынын чени көрсөтүлгөн кызматтардын суммасына 12%ды түзөт.