Сентябрдын аягында коммерциялык банктардагы жеке адамдардын депозиттери 106 миллиард 433,7 миллион сом болгонун Улуттук банк билдирди.
Алардын көбү, тактап айтканда, 63,75% коммерциялык банктарда сом менен топтолгон суммалар, калган акчалар чет элдик валютада салынган.
Ушул жылдын январь-сентябрь айларында чет өлкөлүк валютадагы казыналардын орточо пайызы 27,05%ды түзсө, өткөн жылдын отчеттук мезгилинде бул көрсөткүч 24,27% менен төмөн болгон.
Ошол эле учурда кыргыз элинин чет элдик валютадагы депозиттерге болгон кызыгуусу дагы өсүүдө. Алсак, январь айында доллар, евро, рубль жана башка депозиттер жеке адамдардын жалпы портфелинин 27,31% түзсө, сентябрда 28,9% болду.