Инвестиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу күчөтүлөт — Бакыт Төрөбаев

18.01.2023, 14:28 Акчабар
Инвестиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу күчөтүлөт — Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук тобунун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында инвестиция тармагында жер, мамлекеттик органдар менен иш алып баруу, ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар жана инвестициялык конкурстардын өтүшү көйгөйлүү маселе экендиги айтылды. 

“Ар бир инвестициялык долбоор үчүн кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчисинин түздөн-түз жоопкерчилигин киргизүү керек. Мына ошондо, аткаруу бийлигинин жетекчилери инвесторлордун маданиятын түшүнөт. Ошондой эле, инвесторлорду тартуу боюнча маселе жаралган болсо, аны чечүү жолдорун ачкан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Кошумчалай кетсек, учурда өлкө боюнча 105 инвестициялык долбоор бар. Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлор негизинен Түркия, Кытай жана Россиядан келет. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу