Экономикага 20 млн сом инвестиция салган инвестор 10 жылга виза алат

11.01.2023, 11:18 Акчабар
Экономикага 20 млн сом инвестиция салган инвестор 10 жылга виза алат

Кыргызстандын экономикасына же республикалык бюджетке 20 миллион сомдон ашык инвестиция салган инвесторлор жана жарандыгы жок адамдар 10 жылдык мөөнөткө виза алышат. Жогорку Кеңеште “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр үчүнчү окууда кабыл алынды.

Ошондой эле өзгөртүүлөр 10 миллион сомдон кем эмес инвестиция салууга даяр инвесторлорго 5 жылдык мөөнөткө виза берүүнү карайт.

Белгилеп кетсек, учурда инвестициялык визанын мөөнөтү 3 жыл.

“Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун авторлору – депутаттар Дастан Бекешев, Сейид Атамбаев, Жанар Акаев жана Эльвира Сурабалдиева.

“Бул өзгөртүүлөр натыйжа берер-бербесин азырынча билбейбиз, бирок аракет кылып көрөлү”, - деди Бекешев.

Тэги: новости Кыргызстана внешние инвестиции экономика Кыргызстана внешняя миграция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу