Коммерциялык банктардагы ипотека бир аз арзандады

09.11.2021, 09:54 Акчабар
Коммерциялык банктардагы ипотека бир аз арзандады

Кыргызстандыктарды насыялоодо ипотекалык кредиттер чоң роль ойнойт. Алсак, Улуттук банктын маалыматы боюнча, коммерциялык банктар тарабынан улуттук валютада берилген кредиттердин жалпы суммасынын 13%дан ашыгы турак жай кредиттерине туура келет.

Сентябрдын аягында коммерциялык банктар улуттук валютада 124 миллиард 102 миллион 912,6 миң сомго насыя берсе, анын 16 миллиард 221 миллион 205,6 миң сому ипотекалык кредиттер болгон.

Жыл ичинде коммерциялык банктар сомдук ипотекалык портфелин 14,49%га көбөйтүштү. Ошол эле учурда пайыздык чендердин өзгөрүүсү да белгиленди. Алсак, өткөн жылдын сентябрынан сентябрына чейин улуттук валютада турак жай кредиттери боюнча учурдагы орточо салмактанып алынган чендер 0,21 пайыздык пунктка, 12,67%га төмөндөгөн.

Ошол эле учурда, ушул жылдын апрель жана май айларында ипотеканын эң төмөнкү пайыздык чендери катталган.

2016-жылдан бери беш жыл ичинде турак жай кредиттери боюнча орточо чендер 18,97%дан 6,3 пайыздык пунктка төмөндөгөнүн кошумчалайбыз.

Тэги: ипотека деньги кредиты комбанки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу