2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн

16.03.2020, 14:45 Акчабар
2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн

2019-жылы ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын 66 ишканасы гана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алды. Азыр ал тизмеге дагы 36 ишкана кошулуп, ушу тапта 102 компания өз өнүмдөрүн сыртка алып чыгууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди.

«2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат каралган: республикалык бюджеттен – 550 млн сом, капиталдык салымдардан – 671 млн сом. Ошентип, өткөн жылы сугат суусунун тартыштыгы Чүй облусунан башка аймактарда анчалык сезилген жок. Суу көлөмүнүн аздыгына байланыштуу Чүй аймагында сугат суусу каат болду», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

 

 

Тэги: ирригация суу тармак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу