Ирригациялык тутумдарды оңдоо иштерине 1 млрд сом бөлүндү

29.01.2022, 15:38 Акчабар
Ирригациялык тутумдарды оңдоо иштерине 1 млрд сом бөлүндү

Республиканын эгемендүүлүк тарыхында алгач ирет ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты

Бул каражаттар ирригациялык тармактарды оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,9 млрд сом бөлүндү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна дан жана башка керектүү продукцияларды сатып алуу үчүн каражат бөлүнгөн.

Үрөнчүлүк чарбаларын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 млн 534 миң сом бөлүндү.

Президенттин тапшырмасы боюнча жогорудагы чаралар өлкөнүн агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу