Пирматов: Чек арага байланыштуу көптөгөн маалыматтар мамлекеттик сыр болгондуктан, ачык айтылбайт

02.06.2020, 20:00 Акчабар
Пирматов: Чек арага байланыштуу көптөгөн маалыматтар мамлекеттик сыр болгондуктан, ачык айтылбайт

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов чек ара маселеси, ЕАЭБдеги Кыргызстандын кызыкчылыгы жана декларация тууралуу жакын арада биринчи окуудан колдоо тапкан мыйзам долбоору тууралуу маек курду.

 

 

 

Маек учурунда эл өкүлү чек ара тууралуу айрым маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелгендиктен, бул тууралуу ачык-айкын айта албастыгын билдирди.

 

«Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети»,  ар бир чек арада чырдуу окуя болгон сайын жыйын өткөрүп, маселенин чечүү жолдорун талкуулайбыз. Бирок, айрым маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелгендиктен, ачык - айкын айтканган болбойт. Биз тараптан бир катар сунуштар кошуна өлкөлөргө берилгени менен, иш жүзүндө аткарылбай, чечкиндүү кадамдар жасалбай жатат», - деп айтты депутат.

 

 

Андан сырткары, кыргызстандык жүк ташуучулар 3 күндөн бери Казакстандын чек арасынан негизсиз өтөрүлбөй жаткандыгына байланыштуу, «Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети», коңшу өлкө менен маселе чечилмейинче, ЕАЭБ боюнча бир катар ратификацияларды карабай туруу чечимин, бүгүнкү, 2-июндагы жыйында чыгаргандыгын билдирди.  

 

Эске сала кетсек, депутат жакында эле өзү демилгелеген декларация тапшырууда мүлкүн, кирешесин жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. 

 

 

Тэги: Исхак Пирматов Депутат Эл өкүлү ЕАЭБ комитет чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу