Учурда Кыргызстанда кредиттик портфелдин көлөмү 130,6 млрд сом болууда Бул 2018-жылдын аягындагы көлөмгө салыштырмалуу жыл башынан бери 2,1% жогорулаган деп билдирет Улуттук банк. Жогоруда көрүнгөндөй Кыргызстанда насыя алып жашаган жеке жана юридикалык жактардын саны өсүүдө. Бирок, баардык эле карыз алган адамдар жоопкерчиликтүбү? Карыз алгандар банктар менен финансы кредиттик уюмдар алдындагы милдеттерин так, убагында аткарышабы? «Ишеним» насыя бюросунун генералдык директору Марлис Дүйшегулов менен карыз алган кардарлар тууралуу маектештик.
Дегеле, кыргызстандыктар «кредиттик тарыхына» кандай мамиле жасашат? «Акчабар» финансы порталы «Ишеним» насыя бюросуна кайрылып, карыз алган кардарлардын «кредиттик тарыхына» кайрылып көрдүк.
«Ишеним» насыя бюросу жабык акционердик коому 2003-жылдын 17-мартында уюшулган. Алардын негизги максаты – бул насыячылар (жеке жана юридикалык жактар) жөнүндөгү маалыматтарды чогултуучу, иштетүүчү жана сактоочу, алардын милдеттенмелерин, насыя баянын түзүүчү, жана насыя жоопчотторун берүүчү, ошондой эле насыя тобокелдигин төмөндөтүү максатында кошумча тейлөөлөрдү көрсөтүүчү уюм. Учурда насыя бюросу 240тан ашык өнөктөр менен кызматташып, алардын көмөгү аркасында сейрек маалымат топтомун түзүп, насыя баяндарынын саны 2 300 000 даанадан ашты.
«Ишеним» насыя бюросу Кыргызстанда карыз алган баардык адамдарды өз базасына киргизип, анын ар бир кадамы катталып турат. Кардарлардын төлө кудуретине жараша «Позитивдүү» жана «Негативдүү» деп белгилешет. Сиздин карыз алуу тарыхыңыз кайсыл жагына жазылганы, ал сиздин жоопкерчликке байланыштуу. Кыргызча, бир күн эмне болмок эле деп камырабай кредитти убагында төлөбөгөндөр «негативдүү» кардарлардын катарын толуктайт. Ал тизмеде кардар жети жыл сакталып, мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же өзгөртүүгө жол жок. «Позитивдүү» же «негативдүү» кардарлардын кимисинин саны басымдуу деген сурообузга «Ишеним» насыя бюросу мындай маалымат берберин билдирди.
«Ишеним» насыя бюросу «позитивдүү» жана «негативдүү» кардар деп аныктоосун карыздардын финансалык кудуретин аныктаган баа берүү системасын киргизген. Бул банктар менен финансы кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин кыскартып, келечектеги кардар тууралуу толук финансалык маалымат тез убакытта алынат.
Андыктан, сиз банкка же финансы-кредиттик уюмга кредит алууга барганда алар сиздин дал ушулу маалыматыңызды карап, анан сизге ишенип акча берсе болобу же болбойбу деп чечим чыгарат. Ошондуктан, «Ишенимдин» ишениминен кетүү сиз үчүн маанилүү. Ал сиздин келечектеги финансалык абалыңызга оң же терс таасир этиши сиздин карыз тарыхыңызга байланыштуу.
Тобокелдик деңгээли | Чектер | Дефолттун келип чыгуу ыктымалдыгы | Аныктамалар |
А1 | 740 - 900 | 0,00% - 0,78% | тобокелдик деңгээли өтө эле төмөн |
А2 | 725 - 739 | 0,81% - 1,09% | тобокелдик деңгээли өтө эле төмөн |
А3 | 710 - 724 | 1,14% - 1,54% | тобокелдик деңгээли өтө эле төмөн |
В1 | 695 - 709 | 1,61% - 2,16% | тобокелдик деңгээли төмөн |
В2 | 680 - 694 | 2,26% - 3,03% | тобокелдик деңгээли төмөн |
В3 | 665 - 679 | 3,17% - 4,23% | тобокелдик деңгээли төмөн |
С1 | 642 - 664 | 4,42% - 6,99% | тобокелдик деңгээли орточо |
С2 | 620 - 641 | 6,14% - 11,11% | тобокелдик деңгээли орточо |
С3 | 599 - 619 | 11,58% - 16,88% | тобокелдик деңгээли орточо |
D1 | 575 - 598 | 17,54% - 26,12% | тобокелдик деңгээли жогору |
D2 | 560 - 574 | 27,02% - 33,33% | тобокелдик деңгээли жогору |
D3 | 530 - 559 | 34,37% - 50,00% | тобокелдик деңгээли жогору |
E1 | 380 - 529 | 51,16% - 96,97% | тобокелдик деңгээли өтө жогору |
E2 | 251 - 379 | 97,10% - 99,99% | тобокелдик деңгээли өтө жогору |
E3 | 250 -250 | 100,00% - 100,00% | тобокелдик деңгээли өтө жогору |