Ишкерлер күн сайын 43 миңден ашык ЭТТК тариздешүүдө

16.03.2023, 13:30 Акчабар
Ишкерлер күн сайын 43 миңден ашык ЭТТК тариздешүүдө

Жыл башынан бери Салык кызматынын маалыматтык системасында 42 миң 48 ишкер катталган жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонушууда. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жалпысынан ЭТТКны 59 миң 289 субъект колдонууда. "ЭТТК" системасына 1 млн 425 миң 219 товардык номенклатура киргизилген. Активдүү кампалардын саны 70 миң 469.

Күн сайын ишкерлер тарабынан 43 миңден ашык ЭТТК жазып берилип, 500дөн ашык активдүү кампа түзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТКны мунай жана мунай заттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр колдонушууда.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга милдеттендирилген.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу