Ишкерлер комбанктардан кайтарымсыз 111,7 млн сом насыя ала алышат

26.05.2023, 11:31 Акчабар
Ишкерлер комбанктардан кайтарымсыз 111,7 млн сом насыя ала алышат

Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган “Чакан, кичи жана орто бизнеске ыкчам колдоо” долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы кошумча каржылоону кошкондо 150 млн. долларды түзөт, анын ичинен:

  • 1-компонент, кайтарылуучу каржылык жардам —  111,75 млн. доллар
  • 2-компонент, портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми — 32 млн. доллар

Башкача айтканда, ишкерлер 11 коммерциялык банк аркылуу 111,75 млн. доллар өлчөмүндө каржылык жардамды ала алышат. Долбоор өлкөнүн бардык аймактарында 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашырылат. Чакан, кичи жана орто ишкерлер үчүн 1-компонент, кайтарылуучу каржылык жардамдын алкагында категориясына жараша 36 айга чейин 1 млн. сом жана 3 млн. сомго чейин пайызсыз насыя берүү каралган. 

Ал эми 2-компонент портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизминин алкагында Каржы министрлиги “Кепилдик фонд” ААК менен биргеликте чакан, кичи жана орто ишканаларга кепилдиктерди берүү боюнча келишим түздү. Бүгүнкү күндө бул тармакка 1,305 млрд. сом (15 млн. доллар) бөлүнгөн.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу