Ишкерлер пара берүүгө аргасыз болууда

12.02.2020, 14:15 Акчабар
Ишкерлер пара берүүгө аргасыз болууда

Кыргызстандагы коррупция, саясий жана мамлекеттик туруксуздук жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууда. Мунун айынан, ишкерлер пара берүүгө аргасыз болууда. Бул тууралуу КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешине караштуу өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыковго шилтеме берип, reporter.kg кабарлады.

Сыдыков Дүйнөлүк банктын 1 миң ишкананын арасында жүргүзгөн сурамжылоосуна таянууда. Ага ылайык, ар бир үчүнчү даттануу пара берүүгө мажбур болууга байланышкан.

«Мамлекеттик органдар коррупция менен күрөшүү боюнча депозиттик эсепти толуктоодо деп көп угабыз, бирок ал акчалар кайдан алынаарын билбейбиз. Ишкерлер такай басымга туш болуп, төлөөгө аргасыз болушу ыктымал жана Бирдиктүү депозиттик эсеп ошол каражаттардын эсебинен толукталышы мүмкүн», - дейт ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу