Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилди

10.03.2022, 13:50 Акчабар
Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилди

Министрлер кабинетинин токтому менен иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштин түрлөрү жеке эмгек иши жана жеке ишкердик иш болуп бөлүнөт. Тизмеге патенттин негизинде иштөөгө укугу бар иштин 86 түрү камтылган, анын ичинен 56сы жеке ишкердик иш, 30у жеке эмгек иши.

Тизмеден эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы программалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн иштин түрлөрү алынып салынды. Жаңы Салык кодекси кабыл алынганга чейин колдонулган ыктыярдуу патенттин негизиндеги калган иштин түрлөрү өзгөрүүсүз калды.

Тизме иштин төмөнкү жаңы түрлөрү менен толукталды:

  • алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрү, базалык ставкасы 20000 сом;
  • товарларды, жумуштарды, кызматтарды калкка сатууну жүзөгө ашырган жана бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөө режимин колдонгон, жеке ишкерлерде (коомдук тамактануу, сауна, бильярд жана мончо кызматтарын көрсөткөн ишкерлерден тышкары) иштеген жалданма кызматкерлер, базалык ставкасы 700 сом.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин токтому менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн патенттин негизинде салыктын суммасы 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициент колдонулары аныкталды.

Кошумчаласак, 2023-жылдын 1-январынан тартып патент милдеттүү түрдө электрондук форматта (Электрондук патент) таризделет. Салык кызматы патенттин базалык суммасынын негизинде Бишкек шаары жана райондор боюнча патенттин ставкаларын бекитти.

 

Тэги: салык патент минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу