Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар насыя алат

29.04.2024, 09:15 Акчабар
Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар насыя алат

Мамлекеттик ипотекалык компания Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар насыя алат. “Шариат стандарттары боюнча арзан турак жайды каржылоо” долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлдү.

Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Жылдык пайыздык чен 1,5% деп эсептелет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруу миңдеген муктаж үй-бүлөлөргө ипотекалык насыялоо системасы аркылуу социалдык турак жай алууга мүмкүнчүлүк берет.

“Калкты арзан турак-жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана мамлекет башчынын көзөмөлүндө”, - деди ал.

Эске салсак, шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо боюнча макулдашууга 15-февралда кол коюлган.

Тэги: ипотека МИК Ислам өнүктүрүү банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу