Ислам өнүктүрүү банкы МИКтин турак-жай программасына кызыктар болууда

06.12.2022, 10:50 Акчабар
Ислам өнүктүрүү банкы МИКтин турак-жай программасына кызыктар болууда

Мамлекеттик ипотекалык компания Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ИӨБнын каражаттарынан Кыргызстандын мамлекеттик ипотекалык насыялоо жана турак жай курулуш секторуна узак мөөнөттүү жана кымбат эмес каржылык ресурстарды тартуу маселесин талкуулашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, Кыргызстанда турак-жай долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча ИӨБ менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

“Өз кезегинде ИӨБ өкүлдөрү “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак-жай программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болгон катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: новости Кыргызстана Исламский банк развития ГИК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу