Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Арабия королдугуна жумуш сапарынын алкагында өнүктүрүү үчүн Ислам тилектештик фондунун башкы директору Хиба Мухаммед Али Ахмад менен жолукту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Адылбек Касымалиев калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо боюнча, анын ичинде “социалдык контракт” долбоорунун алкагында Министрлер кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берип, бул демилгенин кийинки этабын биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Ал ошондой эле кесиптик-техникалык багыттагы кадрларды даярдоо боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Хиба Мухаммед Али Ахмад кыргыз тарап жарыялаган долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин билдирип, мындан аркы кызматташуунун жагдайларын иштеп чыгууга даяр экенин белгиледи.