Пенсия системасы мыкты өлкөлөрдүн рейтингинде Исландия биринчи орунда турат

20.10.2021, 14:00 Акчабар
Пенсия системасы мыкты өлкөлөрдүн рейтингинде Исландия биринчи орунда турат

Исландия Mercer консалтинг компаниясы менен CFA институту түзгөн Global Pension Index боюнча эң жакшы пенсиялык системага ээ өлкөлөрдүн рейтингинде биринчи орунда турат, деп жазды Forbes.

Исландия бул рейтингге биринчи жолу киргизилген жана дароо тизменин башына чыккан. Эксперттер аны салыштырмалуу берешен мамлекеттик пенсиясы бар, жеке пенсиялык система тарабынан эффективдүү башкарылган жана жөнгө салынган өлкө катары баалашат.

Экинчи орунда Нидерландия, үчүнчү орунда Дания турат. Биринчи үч орунда турган өлкөлөр 80ден ашык упай топтошту. Израиль, Норвегия жана Австралия 75-80 балл алышты. Финляндия, Швеция, Улуу Британия, Сингапур, Швейцария, Канада, Ирландия, Германия, Жаңы Зеландия жана Чили 65-75 упайга ээ болушту.

Тэги: Исландия пенсионная система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу