Сом аймактагы эң күчтүү валюталардын бири – Томас Йордан

19.05.2023, 10:33 Акчабар
Сом аймактагы эң күчтүү валюталардын бири – Томас Йордан

Башында көптөгөн серепчилер улуттук валютанын киргизилишинен күмөн санашкан, бирок 1995-жылы ал турукташып калган. Бул тууралуу сомдун 30 жылдыгына арналган конференцияда Швейцариянын Борбордук банкынын жетекчиси Томас Йордан билдирди.

"Сом учурда аймактагы эң күчтүү валюталардын бири. Улуттук банк да ишин улантууда, мисалы, өлкөдө долларлашуунун төмөндөшү чоң ийгилик. Сомдун тарыхы - бул  тарыхы", - деди ал.

Томас Йордан бүгүн эл өз валютасынын эртеңки күнү бүгүнкүдөй баалуулукка ээ болорун билиши маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондо алар ишти мындан ары кантип өнүктүрүүнү пландай алышат.

"Акча-кредит саясаты өлкөдөгү баага болгон басымды мүмкүн болушунча азайтышы керек. Улуттук банк үчүн ишенимге ээ болуу маанилүү, бул үчүн так мандат керек, мисалы, баалардын туруктуулугу - бул максатка көңүл бурууга жардам берет. Экинчиден, борбордук банк көз карандысыз болуп, саясий таасирсиз иштеши керек", - деди Томас Йордан.

Тэги: новости Кыргызстана экономика сом нацвалюта Центробанк Швейцарии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу