Түшүмдү көбөйткөн жалгыз трактор же дыйкандын түйшүктүү эмгеги

27.06.2019, 10:13 Өнөктөштүк макаласы
Түшүмдү көбөйткөн жалгыз трактор же дыйкандын түйшүктүү эмгеги

Күрүч байыртадан бери токчулуктун символу. Аны өстүрүп, пайда табуу бизнестеги келечектүү багыт. Баткендиктер үчүн күрүч зор маниге ээ. Алтургай, Кадам-Жайдын Ак-Турпак  аймагынын күрүчүнүн атагы алыска кеткен. Учурда ак-турпактын күрүчү Кыргызстан тургай, сыртка дагы чыгып, аны самагандардын саны көбөйүүдө. 

Расулжан Абдилов Ак-Турпак аймагындагы Миң-Чынар айылынын тургуну. Акыркы жыйырма жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. Ал үй-бүлөсү менен 10 гектар жерди иштетип, жылына 30 тонна түшүм алат. Күрүчтүн бир кг 50 сомдон 150 сомго чейин сатылат. Ал анын сорту, сатылган сезонуна жараша бааланат. Негизинен андижан, жайдары жана лазер күрүчтөрү өтүмдүү. 

Баткендин бул күрүчтөрүн Кыргызстандан тышкары Өзбекстан менен Таджикстан чоң суроо талап менен сатып алышат. 

 Расулжан  менен  Гүзелдин балдары азырынча жаш. Андыктан, дыйканчылыкта иниси  Аманбай жардам берип келет. Анткени жумуш көп. Сезон маалында дыйкандар таң заардан кечке чейин талаада. 

« 2016-жылы финансы жагынан абдан кыйналдык. Айыл чарбасында жумуш азап эмеспи. Эң негизги коркунуч- түшүмдөн кол жууп калуу. Биздин жалгыз тракторубуз улам- улам сынып, абдан кыйнады. Оңдогонго канча каражат, убакыт жана эң негизгиси нерв кеткенин айтпаса да түшүнүктүү го», –деп айтып олтурду каарманбыз Расулжан.

Техникасыз  айыл чарбасын алдыга жылдыруу мүмкүн эмес. Жаңысын алууга каражат жетишсиз. Насыя алалы десек эл арасында ар кандай кептер бар. Бир күнү үй-бүлөбүз менен  кеңешип олтуруп, «Айыл Банктан» лизинг алууга кайрылдык. Ошол эле жылы карызга акча алып, лизинг аркылуу жаңы тракторго ээ болдук. Биз техниканы  Абдилов жеке ишканасы аркылуу лизинге алдык. 

«Трактор үчүн баардык шаймандар бар. Өзүмдүк техникаң болгондо түшүмгө дагы жакшы таасир этет экен. Айдоо, себүү, жыйым теримди баарын өз убагында жасап, сапаттуу түшүм алуудабыз», –деп кубанычы менен бөлүштү эмгекчил дыйкан  Абдилов.

Учурда Кыргызкыштак айылындагы баардык оруп жыюу иштерин жасоого өттү. Жаңы тракторлу болгон дыйкан, оңдогонго кетирген убакытты эми кошумча акча табууга жумшоодо.  «Беларусь 892.2» трактору алда канча кубаттуу болгондуктан, тушүмдүлүкко дагы таасир этүүдө. 

«Трактор алгандан бери ишим илери жылды десем жаңылышпайм. Алсак, комбайнга чейин курүчтү колго ооруп, жумушчу жалдап жүрчүбүз. Эми жаңы трактор менен өзүмдун жеримди гана эмес, айылдаштарымдын талаасын дагы жыйнап жетишип жатам», – деп кошумчалады  Расулжан.

Дыйкандар айыл чарба жана башка техникаларды  «Айыл Банкы» ААК тарабынан лизингге алууда. Айтмакчы,  «Айыл Банк» мамлекеттик айыл чарба программасын ишке ашырган жалгыз банк. 

«Мен «Айыл Банка» дыйкандар үчүн жасаган колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Ар бир кардардын кызыкчылыгын эске алып, жеке төлөө графигин түзгөнү жакты. Жөнөкөй дыйкандар бизнести өнүктүрүү үчүн минималдуу пайыздык ченде техникаларды лизингден сатып алса болот. Быйыл дагы бир техниканы алып, чарбачылыкты кеңейтүүнү көздөп жатам », – деп жыйынтыктады Абдилов.

2011-жылдан бери лизинг аркылуу 2 миң 773 техника жалпы суммасы  3 млрд 578 млн сомго берилген. Алардын ичинен3 млрд 313 млн  айыл чарбасын техника менен каржылоого багытталган. 

Учурда банктын лизинг портфели Кыргызстандагы эң ири  финансы сунушу болуп саналып,  1 млрд 361 млн сом жумшалган.

Аталышы 

Саны

Суммасы

1

Тракторлор

2 миң 48

2 млрд 371 млн сом

2

Комбайндар

110

539.4 млн

3

Чиркегич же башка айыл чарба жабдыктары

519

399.3 млн

4

Өнөр жай же кайра иштетүү техникалары 

 

68.4 млн

5

Атайын техника

65

197.4 млн

6

Асыл тукум малдар 

20

3 млн

 

 

 

Тэги: Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу