КР IT-адистери стационарлардын онлайн-картасын иштеп чыгышты

22.07.2020, 10:10 Акчабар
КР IT-адистери стационарлардын онлайн-картасын иштеп чыгышты

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын суроо-талаптарынын негизинде ата мекендик IT жана Саламаттык сактоо министрлигинин адистер тарабынан жаңы эки санариптик чечимдер иштелип чыккан.  Ачылган стационарлардын жана ооруканалардын интерактивдик онлайн картасы, ошондой эле борбордук мекемелерде койка-орундарды, медициналык жабдууларды жана кызматкерлерди эсепке алуу системасы.Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мемлекеттик комитетинин расмий сайтында айтылат.

 Учурда жарандар https://map.covid.kg  интерактивдик картасынан жакынкы стационарды, жабдууларды жана медициналык персоналдын болушун көрө алышат.

Ошондой элепилоттук режимде медициналык маалыматтарга мониторинг жүргүзүү жана дарылоо мекемелеринин толтурулушун эсепке алуу системасы ишке киргизилди. Системаны толуктап иштеп чыгуудан жана актуалдуу маалыматтарды алуу тестирлөө иштерден кийин эркин койка-орундар, керектүү жабдуулар жана медициналык кызматкерлеринин жөнүндө маалыматты жайгаштыруу пландаштырылууда.

Аталган система азыр Бишкек ш. медициналык тез жардам кызматына – 103, ишке киргизүү процессинде. Ал пилоттук режимде эркин койка-орундар жана бейтаптардын абалына жараша болгон техникалар жөнүндө маалыматтарды ыкчам алуу үчүн тез жардам бригадалар координациялоодо колдонулат.

«Маалыматтарды чогултууга жана анализдөөгө КР Саламаттык сактоо министрлиги жооптуу. Эгерде стационарларда бош орундар жок болсо, адистер бейтаптарды бош орундар бар жакынкы стационарларга жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Система жаңы гана ишке киргизилип жаткандыгына байланыштуу, маалыматтар бираз кармалуу менен толтурулууда»,-деп билдирет ведомство.

 

Ошондой эже Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитети белгилегендей, IT-чечимдер ыкчам негизде иштелүүдө жана дагы бир кандай убакыт ичинде жакшыртылат. Буга байланыштуу үзүлүүлөр болушу мүмкүн. Санариптик чнчимдер кайтарымсыз негизде иштелип чыккан.

 

Тэги: ГКИТС цифровизация дневные стационары IT Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу