IT-тармак бюджетке 21 млрд сомдон ашуун салык төлөгөн

27.02.2021, 08:37 Акчабар
IT-тармак бюджетке 21 млрд сомдон ашуун салык төлөгөн

Премьер-министр IT-тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн билджиришти. 

Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT-тармактын маанилүүлүгүн жана бизнес-тармактын бюджеттин киреше бөлүгүнө - 21 млрд сомдон ашуун киреше салыгы түрүндө жана социалдык чегерүүлөргө 17 млрд сомго жакын каражат суммасындагы салым кошуп жаткандыгын белгиледи, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 15%га көп.

«Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле атамекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70%ы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу», – деп билдирди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде IT-бизнестин өкүлдөрү өздүрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти, атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашырылбастан калууда.

«Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок болгондуктан, бул жалпысынан санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, эл аралык бизнести тартып, ар кандай демилгелерди тоскоолдукка учураткан бюрократияны, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдары тараптан ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек», – деп билдиришти өз көйгөйлөрүн IT-бизнес тармак өкүлдөрү.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө, андан соң баскычтуу түрдө башка актуалдуу маселелерди чечүү убадасын берди.

Тэги: IT

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу