«Караван Экспо» көргөзмөсүнүн жыйынтыгы. 10 млрд рублга келишимдер түзүлдү

19.11.2022, 21:00 Акчабар
«Караван Экспо» көргөзмөсүнүн жыйынтыгы. 10 млрд рублга келишимдер түзүлдү

Орусиядагы кыргыз товарларынын жана кызматтарынын алгачкы "Караван Экспо-2022" көргөзмөсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Орусия ишкерлеринин ортосунда 10 миллиард рублга келишимдер түзүлдү.

Белгилеп кетсек, аталган көргөзмөнү “Expo Development” ишканасы Кыргызстандын компанияларын эл аралык базарга таанытуу, өнөктөштөр жана кардарлар менен байланыш түзүү, аларга көмөктөшүү максатында уюштурду.  

“Жалпысынан бизди жыйынтыктар канааттандырды. Келишимдердин жалпы суммасы 10 миллиард рублди түздү. “Ламода”, “Мост” сыяктуу ири дүкөндөр жана базарлар менен келишимдер түзүлдү. Бирок, биз Кыргызстандын бүтүндөй экономикасын жаңы деңгээлге көтөрүүнү пландап жаткандыктан, алар мындан да көп болот деп күткөнбүз. Бүгүн биз көргөзмөбүздүн катышуучулары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол койдук жана келечекте алар менен иштешебиз. Биз аларга бизнесин жаңы деңгээлде өнүктүрүүгө жардам бергибиз келет”, - дейт “Караван Экспонун” уюштуруучусу Темирлан Жуманазаров.

Ошондой эле, катышуучулардын бири көргөзмө жана анын жыйынтыктары тууралуу өз оюн билдирди.

“Биз аялдардын кийимдерин 2015-жылдан бери чыгарабыз. Өлкө ичине да, экспортко да жөнөтөбүз. Бул көргөзмөгө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, жаңы кардарларды жана өнөктөштөрдү табабыз деген үмүт менен келдик.  Бул бизге кеңейүүгө мүмкүндүк берет. Негизи биз көргөзмөнүн жыйынтыгына канааттандык. Биз айрым орусиялык компаниялар менен келишим түздүк”, - дейт “Saz” брендинин негиздөөчүсү София Жаркынбаева.

Кошумчалай кетсек, мындай көргөзмө Орусияда биринчи жолу өттү. Уюштуруучулардын айтымында, алдыңкы убакта ата мекендик ишканаларга алгач КМШ, андан кийин Европа жана Американын базарларына чыгууга мүмкүндүк берген көргөзмөлөр өтөт.

 

Тэги: Караван экспо Экспо девелопмент новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу