1-июндан тарта Кыргызстанда "Учкун" ачык акционердик коомунда даярдалган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында санарип өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.
Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү паспорттордун биринчи партиясы алынды.
"Биринчи партиясы алынды. Буюрса, 1-июндан тарта жаңы үлгүдөгү паспортторду бере баштайбыз. Бул паспорттордун сапаты жакшы. Ошондой эле коргоо системасы да жакшыраак", - деди Кожомуратов.