Кыргызстандагы 15 камсыздандыруу компаниясынын экөө рентабелдүү эмес

10.05.2023, 12:46 Акчабар
Кыргызстандагы 15 камсыздандыруу компаниясынын экөө рентабелдүү эмес

Өткөн жылы 15 камсыздандыруу компаниясынын 13ү кирешелүү болду. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2022-жылдын аягында 1,4 триллион сомду түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 41,4%га көп. Мында 46,9% (640,8 млрд сом) жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу, ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу – 28,7% (392,3 млрд. сом), милдеттүү камсыздандыруу – 13,1% (179,7 млрд сом) жана ыктыярдуу жеке камсыздандыруу – 11,1% (же 151,5 млрд сом) келишимдерине туура келген.

Алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 2,1 млрд сомду, камсыздандыруу окуяларынын саны 7,7 миңди (293,4 млн сом) түздү.

Тэги: новости Кыргызстана страхование страховые компании

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу