Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда Алмазбек Атамбаевди "экс-президент" макамынан ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу каралды. Анда коюлган алты айыптын бешөө боюнча оор кылмыш деп Башкы прокуратура аныктама берди.
Жогорку Кеңеште өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов баяндама жасады. Анын айтымында, Атамбаевге депутаттык комиссия таккан 6 айыптын бешөөсү боюнча оор кылмыштардын белгилерин аныкталды.
Ал эми бийликти узурпациялап, массалык маалымат каражаттарына, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасоо жана миллиондогон сомдук доолорго жыгуу боюнча Башкы прокуратура Атамбаевди айыптоого негиз тапкан жок. Жыйынтыгында аталган комитет Башкы прокуратуранын корутундусун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.