Орусиянын эки шаарынан Ысык-Көлгө чартердик эки аба каттамы ачылды. Бул туурасында эл эралык “Манас” аэропортунан билдиришти.
Орусиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясы 2022-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлгө чартердик каттамдарды баштаган.
Учурда Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча каттамдар күн сайын, учактар жумасына жети жолу учууда.
Аталган авиакомпания Орусиянын түндүк борборуна да каттамдарды аткарат.
Санкт-Петербург – Тамчы – Санкт-Петербург багыты боюнча чартердик каттамдар жумасына бир жолу, аптанын жума күнү учат.