Мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз 30 млн сом алынган

12.12.2022, 10:23 Акчабар
Мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз 30 млн сом алынган

Чүй районунун капиталдык курулуш башкармалыгында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

УКМКнын маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген, кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрүлбөстөн, жасалма келишимдерди түзүү жолу менен 30 миллион сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен чыгарылган. Ишти аткарган тарап С.Т. жетектеген ЖЧК тарабынан иш жүзүндө көрсөтүлгөн жумуштар аткарылган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында подряддык компания "К.А.Ддын" жана анын жетекчиси С.Т. кармалды. 

Учурда Улуттук коопсуздук комитети мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын аныктоодо.

 

Тэги: экономика коррупция незаконное обогащение новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу