Кыргызстан памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирерин мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Памирлик кыргыздар үчүн азык-түлүк товарлары - 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер жеткирилет.
Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый-климаттык шартта жашашат жана кышкы суук эрте келет.
Учурда Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү чаралары көрүлүүдө.