Баткен облусунун Кадамжай районунда чек арачылар тиешелүү документтери жок дары-дармектерди табышты.
Дары-дармектер Өзбекстандын аймагына андан ары ташуу үчүн алынып бараткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн баасы 2 миллион сомго жакын.
"Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", — деп билдирди Чек ара кызматы.