Өлкөдөн 21 млн сомдук тамеки алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

06.09.2022, 09:21 Акчабар
Өлкөдөн 21 млн сомдук тамеки алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Чалдыбар-автодорожный” өткөрүү пунктунан 211 миң кутудан ашык аткезчилик тамеки табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында 2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган. Алар тоңдурулган азык-түлүккө жамынып алып, контрабандалык жол менен товарды алып өтүүгө аракет кылышкан. Тийиштүү уруксат кагаздары жок 211 ​​миң таңгак тамеки ташылган.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми салык төлөмдөрүнүн суммасы 9 миллион 495 миң сомду түздү”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Учурда акциздик товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз канал уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: ГКНБ контрабанда Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу