Кыргызстандан дагы 1 млрд сомдон ашык каражат чыгарып кетишти

16.11.2020, 14:20 Акчабар
Кыргызстандан дагы 1 млрд сомдон ашык каражат чыгарып кетишти

Финансы полициясы товарларга төлөп берүү шылтоосу менен чет мамлекеттердин аймагына өзгөчө ири өлчөмдө - 23 миллион доллардан ашык суммадагы (1 миллиард 633 миллион 564 миң сом) мыйзамсыз акча которгон кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишин токтотту. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Ведомствонун маалыматы боюнча, 12-ноябрда кылмышка шектүү катары Т.М кармалып, 14-ноябрда СИЗО-1дин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, жогоруда көрсөтүлгөн схемага жана көрсөтүлгөн каражаттардын келип чыгышына тиешеси бар кызматкерлер аныкталууда"деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Финпол ущерб госбюджет вывод денег

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу