Бишкекке Новосибирскиден 186 КР жараны кайтып келди

03.07.2020, 10:55 Акчабар
Бишкекке Новосибирскиден 186 КР жараны кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортунда 3-июль күнү Новосибирск-Бишкек каттамы менен «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик рейси Россиядан 186 КР жаранынын тосуп алышыт, анын ичинде кичинекей балдар да бар.

 

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

 Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Новосибирск шаарындагы Генералдык консулдугуна келип түшкөн арыздардын кезегинин иретинде түзүлгөн, анын ичинде 19 кош бойлуу аял 10 жаш бала, 57 студент, Жогорку окуу жайларында окугандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка категориядагы жарандар бар.

 Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

 

 

 

Тэги: возвращение Новосибирск граждане КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу