Доллар Орусия менен Казакстандан көбүрөөк жөнөтүлө баштады

31.05.2022, 12:53 Акчабар
Доллар Орусия менен Казакстандан көбүрөөк жөнөтүлө баштады

Акыркы убакта Орусия менен Казакстандан АКШ доллары менен келген акча которуулардын көлөмү кескин өстү. Кардарлардан акча которуу валютасында, башкача айтканда, накталай АКШ долларында берүү суралат. Бул тууралуу Улуттук банктан “Акчабар” каржы порталына кабарлашты.

Жөнгө салуучу белгилегендей, учурда Кыргызстандын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валюта – сом менен гана болушу мүмкүн.

“Эгерде Россиядан акча которуу жөнөтүлсө, ал алуучуга орус рублинде, эгерде Казакстандан болсо - казак теңгеси менен гана, башка өлкөдөн болсо - коммерциялык банктын курсу боюнча улуттук валютада берилиши керек», - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эгерде жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган доллар эсебине Россия Федерациясынан рубль менен акча которууну жүргүзсө, анда коммерциялык банк аны ички жол-жоболорго ылайык өзүнүн курсу боюнча АКШ долларына которот. Эгерде которуу валютасы республиканын аймагында кеңири колдонулбаса, банк Улуттук банктын эсептик ставкасын колдоно алат.

Тэги: доллар Нацбанк КР денежные переводы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу