Жыл башынан бери Кыргызстандын уюлдук операторлору салык бюджетине 1,2 млрд. сомдон ашык акча которду. Бул маалыматты Каржы министрлигине таандык “Ачык бюджет” порталы жарыялады.
Эң чоң салым, дээрлик 66% же 790,9 млн. сом казынага Кыргызстанда О! бренди менен белгилүү болгон “Нуртелеком” ЖЧКсынан түшкөн.
“Ачык бюджет” порталынын маалыматы боюнча, “Альфателеком” ЖАКсы (MEGA) жана “Скай Мобайл” ЖЧКсы (Beeline) — 261 млн. 989 миң сом жана 152 млн. 738 миң сом салыктарды кыйла аз төлөгөн.