Электр унааларын чыгаруучу "Tesla" компаниясы автоунааларын биткоиндерге сатууну убактылуу токтотту. Илон Масктын телекөрсөтүүдөгү мындай билдирүүсүнөн кийин компаниянын акциялары 15% га арзандады, деп жазды РБК.
"Forbes" журналынын маалыматы боюнча, акциялардын кескин төмөндөшүнөн улам, Масктын байлыгы 166 миллиард доллардан 145 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Миллиардердин билдирүүсү биткоин бааларын 30% га төмөндөтүп, 47 миң долларга жеткирген.
Азыркы тапта крипто алмашуу турукташып, биткоин кайрадан баанын өсүшүн көрсөтүп, 50 миң долларга жетти.