Мамлекеттик карыз бир айда 15,5 млрд сомго жогорулады

08.09.2022, 12:30 Акчабар
Мамлекеттик карыз бир айда 15,5 млрд сомго жогорулады

Июль айынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 213,04 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты республиканын Каржы министрлиги билдирди.

Мамлекеттик карыздын түзүмүндө тышкы карыз үстөмдүк кылууну улантууда. 31-июлга карата ал 4 миллиард 212,13 миллион долларды же өлкөнүн жалпы карызынын 80,8%ын түздү. Кароого алынып жаткан мезгилде ички карыз 1 млрд 910 миң долларды (19,2%) түзгөн.

Ушул жылдын июнь айына салыштырмалуу (5 млрд 224,43 млн доллар) мамлекеттик карыз 11 млн 390 миң долларга азайган. Буга ички карыздардын 32 миллион 740 миң долларга азайышы себеп болгон. Ошол эле учурда тышкы карыз 21 миллион 350 миң долларга өскөн.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын ички карызынын доллар менен эсептегенде төмөндөшүнө америкалык валютанын курсунун июнь айындагы 79,5 сомдон июль айында 83,174 сомго чейин өзгөрүшү себеп болгон. Алсак, доллар менен алганда 32,7 миллион долларга азайганына карабастан, улуттук валютада ички карыз 1 миллиард 74,6 миллион сомго көбөйгөн.

Ошол эле учурда АКШ долларынын 4,62%га өсүшүнөн улам тышкы карыздын баасы 15 млрд 475,6 млн сомго, 333 млрд 166,93 млн сомдон 350 млрд 339,95 млн сомго чейин өстү. Жогоруда айтылгандардын баарын эске алганда, улуттук валютада бир айда мамлекеттик карыз 18 миллиард 247,7 миллион сомго көбөйдү.

Тэги: госдолг Кыргызстан курсовая разница доллар США сом нацвалюта бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу