ААК «Электрдик станциянын» директорлор кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 4-декабрында ААКтын директору болуп Кубатбек Камбаралиев дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.
Буга чейин Кубатбек Камбаралиев эки жыл бою мекеменин ички аудит кызматынын жетекчиси болуп иштеген.