«Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун ыйгарым укуктары токтотулду

28.01.2022, 14:30 Акчабар
«Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун ыйгарым укуктары токтотулду

24-январда "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун (ААК) башкы директору, (дирекциясынын мүчөсү) Таалайбек Бектенов менен башкы директордун биринчи орун басары, (башкы дирекциянын мүчөсү) Алмаз Кушубековдун ыйгарым укуктары токтотулган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржанын сайтында маалымдалган.

Мындай чечимди аталган коомдун директорлор кеңеши кабыл алды.

Эркин Тавашаров "Электр станциялары" ААКнын башкы директорлук кызматтына, анын биринчи орун басары болуп Айбек Айдаралиев дайындалды.

Эске салсак, Таалайбек Бектенов 2021-жылдын февралынан бери Жолдошбек Ачикеевдин ордуна башкы директор болуп иштеп келген.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу