7-июнда өткөн "Дос-Кредобанктын" акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда директорлор кеңешинин учурдагы курамын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Акционерлердин чечими менен Мира Жангарачева 8-июндан баштап директорлор кеңешинен чыгарылды. Гүланда Нурмолдоева болсо банктын башкаруу органында бош кызмат орунду ээледи.