Банктардын уставдык капиталына минималдуу талаптар өзгөртүлдү

24.03.2023, 14:29 Акчабар
Банктардын уставдык капиталына минималдуу талаптар өзгөртүлдү

Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 15-мартында "Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомун кабыл алды. 

Ага ылайык, жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленет.

Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө төмөнкү мөөнөттөрдө болот:

  • 2023-жылдын 1-апрелинен тартып – 600 млн сом; 
  • 2024-жылдын 1-июлунан тартып – 800 млн сом; 
  • 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 1 млрд сом. 

"Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд сом деп белгиленсин", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: новости Кыргызстана уставный капитал банков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу