АӨБнын Кыргызстандагы жаңы директору дайындалды

28.07.2023, 10:21 Акчабар
АӨБнын Кыргызстандагы жаңы директору дайындалды

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы жаңы директору болуп Жэн Ву дайындалды. Ал бүгүн кызматына киришти.

Жэн Ву банк өкмөт жана башка кызыктар тараптар менен кызматташуусун улантаарын билдирди. Тактап айтканда, ал АӨБ менен Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга жаңы өнөктөштүк стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөйт.

Жаңы стратегия Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө багытталат деп күтүлүүдө.

Жэн Вунун инфраструктураны пландаштыруу, өнүктүрүү жана каржылоо боюнча 21 жылдан ашык тажрыйбасы бар, анын ичинде АӨБда 14 жылга жакын иштеген. Буга чейин ал Борбор жана Батыш Азия департаментинин Транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, ошондой эле Пакистандагы АӨБ Туруктуу миссиясынын Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы болгон.

Тэги: Новости Кыргызстан АБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу